Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:02

Ирандын Израилге чабуулунан кеминде 10 адам мерт болду


Тамра шаарындагы ракета соккусунан кыйраган үй. Израил. 14-июнь, 2025-жыл
Тамра шаарындагы ракета соккусунан кыйраган үй. Израил. 14-июнь, 2025-жыл

15-июнга караган түнү Ирандын Израилге ракеталык чабуулунан кеминде 10 адам набыт болуп, 200дөн ашууну жаракат алды.

Тель-Авивдин четиндеги Бат-Ям шаарында баллистикалык ракета көп кабаттуу үйгө тийген. Израил бийлигинин маалыматында, мындан алты адам өлдү, арасында сегиз жаштагы кыз бар. 180ге жакын адам жаракат алды. Жети адам дайынсыз. Дагы төрт киши калкынын басымдуу бөлүгүн арабдар түзгөн Тамра шаарына урулган соккудан набыт болду. Реховот шаарында ракеталык чабуулдан 40 киши жаракат алды.

Вейцман илим институтунун алдындагы изилдөөчү борбор ракеталык чабуулдан катуу жабыркаганын жана өрттөнгөнүн The New York Times күбөлөргө шилтеме кылып жазды. Бутага Хайфа шаарындагы порт менен мунай иштетүүчү завод алынганы кабарланды.

Израилдин жергиликтүү маалымат каражаттары Иран жалпысынан өлкөгө 70 баллистикалык ракета жибергенин жаздышты. Бир нече ракетаны Йемендеги хуситтер учурган.

Жекшембиге караган түндө Израил да Ирандын борбору Тегеранга жана бир канча шаарга сокку урду. Иранчыл хуситтер көзөмөлдөгөн Йеменди да аткылады. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, бутага Тегерандын айланасындагы мунай базалары жана Ирандын Коргоо министрлиги алынган.


Шерине

XS
SM
MD
LG