Орусия менен Украинанын туткун айырбаштоосу уланууда жана болжол менен 20-21-июнда аягына чыгат. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский ишембидеги кайрылуусунда билдирди.
Киевде өткөн брифинг учурунда Зеленский туткундарды алмашуу процесси бүткөндө Украинанын жетекчилиги Орусия менен кийинки кадамдары тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантарын белгиледи. Ал бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп менен Канадада өтө турган G7 тобунун саммитинде талкуулашы мүмкүн. Саммит 15-17-июнь күндөрү өтөт. Зеленский ал жакка чакырылган.
Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков президент Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын телефондон сүйлөшүүсү тууралуу айтып жатып, Путин Украина менен сүйлөшүүлөрдү "22-июндан кийин" жандантууга даяр экенин билдиргенин кабарлады.
Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн акыркы айлампасы 2-июнда Стамбулда өткөн. Азыркы учурдагы туткун алмашуулар андагы келишимдерди ишке ашыруу болуп саналат. Маалыматтарга ылайык, эки тараптан тең миңден ашуун адам бошотулат, анын ичинде 25ке толо электер, оорулуулар, жарадарлар жана жай тургундар болушу мүмкүн. Жалпысынан туткун алмашуу төрт айлампа менен өттү. Азырынча канча адам алмашылганы тууралуу так маалымат жок.
Туткундардан тышкары Орусия Украина тарапка украин аскерлеринин миңден ашуун сөөгүн өткөрүп берди. Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн соң орусиялык өкүлдөр 6 миңдей сөөктү өткөрүп берүүгө даяр экенин айтышкан.
Стамбулда башка маселелер боюнча келишимдер жетишилген эмес. Орусия Украинанын ок атышууну шартсыз токтотуу сунушун кабыл албады. Кремл сунуштаган шарттарга Киев көнгөн жок. Украинанын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү ок атышууну токтотууга байланыштуу болсо гана улантууга даяр экенин белгилешкен.
Америкалык Newsmax телеканалына курган маегинде украин президенти Владимир Зеленский орусиялык президент Владимир Путиндин тынчтык сүйлөшүүсүнө даяр экенин айтканын сындап, Путин буга күч менен гана макул боло турганын кайталады.
Зеленский муну АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга санкцияларды катаалдаштыруу менен "банк тармагын, көмүскөдөгү флотту, мунай баасы" көзөмөлдөө аркылуу гана ишке ашыра турганын айтты. Ал Путин "Трампты алдап коет" деп эсептейт.
Шерине