Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:43

Канаты кайрылган бала учпай калды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чех жазуучусу Карел Чапек көккө көтөрүлгөн кыялкечтин канаттуу сезимин боорун жерден көтөрө албаган байкуштар кантип жок кылышканын "Учууну билген адам" аңгемесинде ишенимдүү сүрөттөп берген.

Көк асман

Томшик боорун жерден көтөргөнү чуркап, секирип, такай кыймылда жүрчү. Жер үстүндө кыбырап жүргөндү жактырчу эмес, аягы жолго тийбей учуп-күйүп, көккө серпилгиси келчү. Көмкөрүлгөн көк асманда шукшурулуп, жеңил каалгып, каалаган жерине заматта жеткиси келип, андай мүмкүнчүлүктөн куржалак калганына, канаттуудай зыпылдап эңсеген жерине заматта жете албаганына нааразы болчу. Табият эмнеге адамды учуудан өксүтүп койду экен?! Ушуга башы жетчү эмес.

Аягы жерге тийип-тийбей күйүккөнчө чуркаган футболчуларга суктанчу. Алардын бир да оюнун калтырбай көрчү. Футболчунун аяк астында тоголонгон топ күчтүү бут тийгенде көккө көтөрүлүп учуп баратканын суктана карачу. Жерден атылып чыгып, бир азга көктө калкып, дарбазага кирип же үстүнөн кайкып өткөн топту карап турсаң.

Көктө каалгып турууну эңсеген Томшик үңкүйүп үйдө отурууну каалабай, Винограда ооруканасынын жанынан бир көтөрүлсө эле учуп кетчүдөй болуп элеп-желеп баратты. Көчөдө эл аз экен. Экиден жабышып, бирин экинчиси бекем кучакташып алып өбүшкөн жаштардан башка киши деле жок. Каршысынан бир да адам өтпөдү. Томшик канча кадам басканын эсептеп берчү аспап алып коюуну ойлоду.

Колдон келсе жерде баспай эле учуп жүрсө атаңгөрү. Мунун эңсөөсүн билип тургансып бир түштү үч ирет көрдү, кызык түш: Ал жолдо баратса, алдынан коляска сүйрөгөн аял чыга калды. Томшик сол буту менен жерге таканчыктап туруп, анан үч метрдей асманга көтөрүлдү да, алдыдагы коляска түрткөн аялдын үстүнөн учуп өтүп, калкып барып тротуарга конду.

Түшүндө ал буга таң калган деле жок, кудум табигый эле нерседей туюлду. Ушуга чейин бу нерсеге эч ким аракет кылбаганын карасаң! Опоңой эле: буттарыңды кудум велосипед тээп бараткансып айлантсаң, биринчи кабаттан өйдөрөк бийиктикке көтөрүлүп, кайра акырын жерге түшөсүң. Бутуңа таканчыктап кайра секирсең, дагы учуп жөнөйсүң, кудум кулачтап арыштагандай тимеле. Жерге түшөйүн дегенде, бутуңду кайра велосипед тепкендей айлантып жиберсең, учканды улантасың. Томшик түшүндө күлүп жиберди – кантип эле азырга чейин эч ким ушиптип учса болорун ойлогон жок? Бутуң менен эле жерди тээп, жогору көтөрүлсөң жетиштүү турбайбы!

- Бул, керек болсо баскандан да оңой экен, - деп ойлоду ал түшүндө, - эртең кайра учуп көрүш керек.

Ойгонуп, шаардын күрү-күүсүнө аралашып кеткенден кийин түшүңдө көргөнүң эстен чыгат. Өңүңдө да ошондой болсо гана! Шаардын көчөлөрүнүн үстүндө каалгып учуп баратсаң. Тыгын-сыгын дегенди билбей, эңсеген жериңе заматта жетип барсаң. Канча иштериң заматта бүтүп калаар эле. Шаар кудум кумурскалардын уюгундай, ашыккан адамдар, токтолбогон кыймыл. Кеч киргени кыймыл азайып, четки көчө ээндей калат.

Жарыя

Томшик оорукананын жанындагы күңүрт көчөдө келе жатып жан-жагын карады эле эч ким көрүнбөдү. Түшүндө көргөн учуусун өңүндө кайталаса кантет?!

"Томшик жөн эле бир көрөйүнчү деген ойдо, чуркады да, сол буту менен жерди тээп туруп, кудум көлчүктөн аттагансыды... күтүүсүздөн үч-төрт метр бийиктикке көтөрүлүп, ийилген шактын үстүнөн да учуп өттү. Ал буга таң калган деле жок: чындап эле оңой турбайбы.

Каруселге түшкөндөгүдөй ичин кытыгылаган гана сезим болду, бирок учканына таптакыр таң калган жок. Томшик жаш балача кыйкыргысы келди. Отуз метрдей учкан соң, жерге конорго жакындаганда караса, түз эле балчыкка кончудай. Ошол учурда ал түшүндөгүдөй буттарын айландырып жиберди эле, кайра он беш метрдей бийикке көтөрүлүп, Страшнице району тарапта бараткан бирөөнүн артынан акырын жерге конду. Ал киши Томшикти шектенгендей карады, анткени артынан бирөөнүн келатканын байкаган эмес. Томшик эч нерсе болбогонсуп, ал кишинин жанынан өттү, бирок байкабай катуу басып алып, азыр кайра учуп кетпесем экен деп ичинен коркту.

“Бул үйрөнгөнүмдү эми жакшылап бекемдешим керек”, - деди да ошол эле ээн көчө менен үйүнө жөнөдү. Бирок кашайып улам эле алдынан же сүйүшкөн түгөйлөр, же темир жолчулар чыгат. Ошондо ал көп жылдан бери шаардын таштандысы төгүлгөн ээн жерге бурулду. Караңгы кирди, бирок Томшик эртең учууну унутуп калчудай, машыгууну кийинкиге калтыргысы келбеди. Ал бул жолу жерден ишенимсиз көтөрүлдү, бирок бир метрдей бийиктиктен соң жерге олдоксон конду. Кийинкисинде колун сууда сүзгөнсүп шилтеп, кайра учту да, сексен метрдей учту. Ал тургай жарым-жартылай айланып учуп барып, жерге ийнелик сымал жеңил конду".

Оп-пей, өңүндө деле болот турбайбы. Томшик дагы бир жолу көккө көтөрүлгүсү келип, ээн жер издеп жүрүп шаар четиндеги таштанды төгүлчү жерге келип калыптыр. Эми эч ким жолтоо кылбайт деп машыгуусун улантмакка ынтылып калганда жарыгын бетине такаган бирөөнүн өкүм үнүн укту. Полиция экен. Томшик машыгып жатканын айтса тигил "машыкчу жерди тапкан экенсиң" деп башка жерден машыгуу керектигин эскертти.

Бийлик өкүлүнө каяша кылышты билбеген бечара момун шаардын ээнирээк көчөсүн издеп кетти. Томшиктин полициядан коркконунчалык бар, жаңылып-жазып анын жанынан учуп кетсе чуу чыгышы мүмкүн. Колдон келсе полициядан оолак жүргөн жакшы.

Томшик ден соолук институтунун короосунан оңой эле учуп өтүп, энтеңдеп үйүнө чоргоодон суу алып келаткан аялдын так мандайына келип конду. Колдорун каккылап учуп келаткан адамды көргөндө тиги байкуш суусун таштап, бакырган бойдон маңдайдагы үйгө кирип жок болду.

Аны сүйүнткөн нерсе - уча алганы, каалооң болсо көккө көтөрүлө алгыдайсың. Ишеними артып түндөсү ээн жерлерде учуп жүрдү. Күүлөнүп учуштун биртоп ыкмаларын колдонуп көрдү, аягын жерден эч кыйналбай көтөрүп, көктө каалгуунун рахатын жалгыз өзү сезчү. Адамдар өзүн жеңил сезип, күүлөнүп чуркап келип эмне үчүн асманга көтөрүлбөгөнүнө кыйлага чейин танданып жүрдү.

Оңой эле тура, күүлөндүң, көтөрүлдүң, абада калкууга не жетсин! Бийикке бир көтөрүлүп алсаң улам өйдөлөп кете бергидейсиң, колуң – канат, сермейсиң да калкып кете бересиң. Томшик жүз метрден өйдө көтөрүлгүсү келбеди.

Асманга чыгып, жердегилерди үстүнөн карап жүргөн күндөрүнүн биринде чалды-куйду тартылган телефон зымдарына урунуп жерге түшүүгө мажбур болду. Бир жолу шектүүнү кууп жүргөн эки полициянын үстүнөн учуп өттү. Томшик бир көчө өтүп бурулуп келсе эки полиция "азыр эле тосмодон ары качып өткөн ууруну" кол чырагы менен издеп жүрүптүр.

Дагы бир күнү көп кабат үйдүн ачык терезесинен кирсе курсагы чандайган бирөө коңурукту кош тартып уктап жатыптыр. Бир топко караңгы үй ичинде туруп кетеринде оюна келбеген бир ишти жасап салды. Чөнтөгүнөн кагаз алып чыгып: “Бул жерде мен болдум. Өч алуучу X.” деп жазып, үстөл үстүнө коюп шашпастан жерге учуп түштү. Үйүнө келгенден кийин бейтааныш жерге таштаган кагазы өзүнүн дареги жазылган конверт экенин эстеди, кайра барыштан эринип, качан полиция издеп келер экен деп күттү. Бирок аны издеп эч ким келген жок.

Томшикти дагы бир ой басып, жалгыз өзү учуп-конуп жүргөн өнөрүн кантип элге жарыя кылуунун амал-аргасын издей баштады. Ортодо "бирок кантип" деген суроо туруп калыптыр:

"Учкан оңой эле турбайбы: бутуң менен жерди тээп, колуңду канаттай каккыласаң эле чымчыктай сызасың... Балким, бул спорттун жаңы түрү болуп калар, же элдин баары учканды үйрөнсө, көчөдө да тыгын азаят. Лифттин деле кереги тийбестир. Өтө чоң мүмкүнчүлүк! Азырынча алар жөнүндө Томшиктин так түшүнүгү жок, бирок баары бара-бара аныкталат да. Ар бир эле чоң ачылыш башында ушундай пайдасыз оюнчуктай көрүнөт эмеспи!

Томшиктин Войта деген толмочунан келген жаш коңшусу бар эле. Спортту жазган кабарчыбы, редакторбу, айтор, гезитте иштесе керек. Бир күнү ал Войтанын үйүнө барып, аркы-беркиден сөз баштап, акыры ага бир кызыкты көрсөтөрүн айтты. Бирок сөздү ачык айтпай, улам эле жашыра бергенинен Войта “Кудай ай” деп баш чайкап, жыйынтыгында кечки тогуздарда жөөт көрүстөнүнө барууга макул болду.

- Эми караңыз, журналист мырза, - деген Томшик, секирип жерден беш метрдей көтөрүлдү. Ал абада калкыган калыбында кызыктуу кыймылдарды жасап, жерге түшүп, кайра учуп, колдорун жаңсап кызыктуу кыймылдарды жасай баштады, ал тургай абада сегиз секунддай кармалып турду".

Войтанын таң калганын айт, жөпжөнөкөй киши каалаганда жерден көтөрүлүп, абада сызып жүрөт деген эмне?! Томшиктин Войтаны абага көтөрүлүүгө көндүрүүсү кыйла убакытты алары оюна келбептир. Элдин баары эле өзүндөй эмес экен, "секирсеңиз болгону", "мунун эч кандай деле окуусу жок, бул сыйкыр эмес, тарамышка көп күч келбейт, эрк деле талап кылбайт" дегенин тигил аткара албай башын чайкап туруп калды.

Тажады окшойт, бир убакта Войта "бул жерде бир көз боёмочулук бар" дебедиби. Кошунасынын учуп атканына, өзү жерден көтөрүлө албаганына ишенбеген Войта коргонууга керектүү бул өнөрдү алдыга сүрөш үчүн колунан келгендин баарын жасоого убада берди. Анын тапкан акылы Дене тарбия институтунун адистерине Томшикти көрсөтүү экен. Байкуш учкучтун булчуңдары кандай иштегенин адистер көрүш үчүн чечинтип, жалаң трусычан коюшту.

"Эксперттердин бири кашка баш семиз киши ушул университеттин дене тарбия профессору болуп чыкты. Ал "Мунун баары илимий көз караштан алганда, болбогон кеп" дегендей түр көрсөтүп, улам эле саатын карап бирдемелерди кобурайт.

- Кана эми, Томшик мырза, тартынбай чуркап баштаңыз, - деди Войта өрөпкүгөнүн жашыра албай.

Томшик коркконунан алга карай жүткүндү.

- Шашпаңыз, - деди профессор аны басаңдатып. - Сиз таптакыр туура эмес баштадыңыз. Салмагыңыздын оордугун сол бутуңузга салыңыз. Түшүндүңүзбү? Кана, эми кайталаңыз!

Томшик кайтып келип, салмагын сол бутуна оодарууга аракет кылды.

- А колуңузчу, колуңуз! – деп кыйкырды эксперт. – Сиз колуңузду кайда коюуну да билбей жатасыз го. Колуңуз көкүрөгүңүздү эркин кармаганга тоскоол болбошу керек да! Анан калса сиз чуркар алдында туура эмес дем алдыңыз. Антпеңиз! Терең, жай дем алыш керек. Кана, дагы бир!

Томшик алапайын таппай калды. Чындап эле ал азыр колдорун кайда бекитишти да, керек болсо кантип дем алышты да унутуп калгандай. Алдастап салмактын оордугун каерге салышка башы жетпей бир ордунда турду".

Байкуш Томшик адистердин алдында эмне кыларын билбей өзүн жоготуп, алдастап калды. Көккө көтөрүлүп абада жеңил сезе албаган адистер байкуштун туш тарабынан чыгып акыл үйрөтүп жатып жудөтүп жиберишти. "Болбойт, начар" деген кыйкырыктардан кийин баланын жылдызы жерге түшүп, кимди угарын билбей арасат турду. Адистер да Томшик да чарчады, баланын бир да кыймылы тигилерге жакпады, аягында бул бечарада "жайыма коюшса экен" деген гана ой калды.

"Ошол күндөн тартып Томшик уча албай калды". Анын канатын аягын жерден көтөрө албаган, бирок кантип учууну оозеки билген адамдар кайрышты.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG