Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:37

"Айдай балам аскерден ооруп келди". Бакыт токмок жегенби?


Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай жатканын айтып "Азаттыкка" кайрылды.

Анын 18 жаштагы уулу Бакыт Базарбаев бир нече жолу медициналык комиссиядан өтүп, армияга жарактуу деп табылгандан кийин былтыр күзүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Бир аптадан кийин жакындарына ал ооруп жатканы тууралуу кабар келип, кийин Бишкектеги ооруканалардын биринен дарыланып чыкты.

"Бир аптада балам туугандарын тааныбай калыптыр"

Ооруканадан чыккандан кийин Бакыт аскерде токмок жегенин "Азаттыкка" айтып берди. Министрлик бул маалыматтарды четке кагууда.

Бакыт Базарбаев былтыр күзүндө медициналык комиссиядан өтүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Апасы Имигүлсүн Сапарованын айтымында, бир аптадан кийин уулу “ооруп жатканы тууралуу” кабар жакындарына жеткен:

"Бизге 4-ноябрда аскер бөлүктөн чалышты. "Балаңыз биздин айткандарды аткарбай жатат. Бала эрке беле, андай-мындай" деп бизге доомат коё баштады. Алар менен сүйлөшүп, байланышып турдук. Бирок эми көнбөй жатса бир-эки күн коё туралы деп маани берген жокпуз. Ошто туугандарыбызга чалып балабыздан кабар алып, айтып коёсуздарбы деп сурандык. Барса, Бакыт аларды тааныбай коюптур. "Келбесеңер болбойт, баланын акыбалы башкача, мурункудай эмес" дешти. Ошол эле күнү аскер бөлүккө бардык. Баланы көргөндө эле башка, сопсоо кеткем балам жок".

Имигүлсүн Сапарова
Имигүлсүн Сапарова

Ата-энеси аскер бөлүгүнө барганда бала өзгөрүп калганын айтышып, эч кандай зомбулуктун белгилери жок экенин билдиришкен.

"Баламдан сурасак "эч нерсе болгон жок" деп сүйлөй албай эле колумду катуу-катуу кармап, кайрый берди. Сүйлөбөйт, болгону кыймылдай берди. Уруп жатабы, бир жериң ооруп жатабы деп сурасам деле унчукпай ыйлай берди. Бир нерсени айтайын дейт, бирок сүйлөй албайт", - дейт эне.

Сапарова баласын ушундай абалда көргөндөн кийин аны менен чогуу кызмат өтөгөн балдар менен кезиктирүүнү өтүнүп, жоокерлерден уулунун ал-акыбалын сураган:

"Мен Сузактан келген эле балдар менен сүйлөшөм дедим. Беш баланы алып чыгып беришти. Алар Бакыт тапшырмаларды жакшы эле аткарып жаткан, үч күн жакшы эле жүргөн дешти. Төртүнчү күнү Бакыт башка ротага бөлүнүп калыптыр. Ошол ротадан бир бала качты-качты деп калды, ошондон кийин эле Бакыт ушинтип калды дешти. Балам башкача басып, тамакты зорго жеп, сүйлөбөй дагы калыптыр. Ыйлагысы келип, бир нерсе айтайын деп айта албай жатты дешти. Бир баланын кемеринен кармап эле коё бербей, бир нерседен корккондой сүйлөбөй коюптур. Анан эмне болду десем эле ал бала дагы ыйлап жиберди. Андан ары мен дагы сурай алган жокмун, ал бала тууралуу башкаларга дагы айта алган жокмун. Анткени аны дагы бир нерсе кылып коюшпасын деп корктум. Эми гана арыздарда жазып жатам".

Бакыт Базарбаев
Бакыт Базарбаев

Аталган аскер бөлүктө Бакыт Базарабев мындан ары кызмат өтөй албай турганын айтышкан. Бирок анын ордуна башка жоокер келгенде гана алмашуу жолу менен бошотуларын билдиришкен. Ал 2024-жылдын 21-ноябрында, ооруп калгандан дээрлик 15 күндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөн. Оштогу ооруканадан текшерилгенден кийин ата-энеси Бакытты ал жакка жаткырууга макул болгон эмес. Апасы Имигүлсүн Сапарова үйгө келгенден кийин уулунун башы ооруп, куса баштаганын айтып берди:

"Томографияга түшүрдүк, ошол учурда дагы кусуп, мурду канап, зорго токтоптур. Ал жакка атасы алып барган эле. Томографияда "жакшы эле деп чыгып жатат, башында кандайдыр бир тактар бар, кусканы мээси чайкалып калышы дагы мүмкүн, акыл-эси жайында эле" деп койду. Бир курс дарыланып, уктата турган дарыларды ичип жатты. Жакшы болуп бараткан. Эртең менен кадимкидей марш тебет, кечинде дагы ошондой. Жаңы жылдан кийин эле башы ооруп, тынбай эшикке чыга баштады. Уктабай калды. Биз жаткан бөлмөгө кирип эле катып туруп калат. Бир нерсе сүйлөсөң "так точно" дейт. Жалал-Абадга невропатолог, неврохирург дарыгерлерге алып бардык. Ал жерде "башына сокку тийген дегендей кылып, кийин кайра жок" деп коюшту. Түшүнбөй калдык. Баланын акыбалын көрүп Сузактын аскер комиссариатына чалдым. Таптаза кеткен баламды ушинтип оорукчан кылдыңар, алып барчу жактардын баарына алып бардым, эми эмне кылайын дедим. Видеодон сүйлөшүп жатып Бакыт ага "мени өлтүрүп койбойсуңарбы" деди. Ал бала дагы чочуп кетти, "ким ошентип айтты, мен жардам берем" деди. Ошондо Бакыт "мени уруп койду да, мени уруп койду да" деп кайталады. Ким урганын сураса жооп бербей койду... Таптаза кеткен баламды бир жуманын ичинде ушундай кылып беришти мага".

Прокуратура кайрадан экспертиза дайындады, ӨКМ "сабалган жок" деди

Бир жылга чукул убакыт өтсө дагы иш ордунан жылбай жатканын жакындары айтууда. Бакыт Бишкектеги ооруканалардын биринен дарыланып чыккандан кийин гана тергөө иштери башталып, экспертиза дайындалган. Дарыгерлер маалымат берүүдөн баш тартышты.

Экспертиза Бакыттын абалы кызмат өтөй баштаганда курчуп кеткен деген тыянак чыгарган. Жакындары ал мурда-кийин оорубаганын айтып жатышат.

Дээрлик бир жылдай мурда болгон бул окуя боюнча азырынча иш козголо элек. Прокуратуранын белгилешинче, экинчи ирет экспертиза дайындалды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бакыт Базарбаев “армияда сабалды” деген жоромолдорду четке кагып жатат. Мекеменин Ош облусундагы Куткаруу отрядынын командири Мырза Эргешов Бакыт менен өзү дагы сүйлөшкөнүн, алгачкы күндөрү эле анын кызматка кызыгуусу жоголгонун айтып берди:

Мырза Эргешов.
Мырза Эргешов.

"Бактыбек Базарбевди биз Сузак районунун аскер комиссариатынан аскердик чакырууга алып келгенбиз. 30-октябрда биздин аскер бөлүктүн бардык камсыздандыруу түрлөрүнө отургузуп, формасын кийгизип, кызматка койгонбуз. Жаш жоокерлерге атайын бир айлык программа бар, ошону окуп үйрөнүп, анан кызмат өтөшөт. Төрт күндөн кийин взвод жана отряд командирлери, медицина кызматкерлери жоокердин кызматка кызыгуусу жоктугун, башка жоокерлер арасында өзүн жакшы алып жүрбөгөндүгүн аныкташкан. Ал жоокер менен мен өзүм дагы жеке маектешкем. Өзүбүздүн аскер госпиталга алып барып, кароо жүргүзгөнбүз. Күн сайын жоокерлердин ар бири дыкаттык менен жакшы каралат. Буга атайын бөлүнгөн прапорщик, сержанттар бар. Ага моралдык, психологиялык абалы жакшы эмес деп облустук психиатриялык ооруканадан корутунду чыгарып беришкен. Ошонун негизинде биз тийиштүү мобилизациялык башкармалыкка кайрылып, жоокерди тапшырып, ордуна башка жоокерге алмаштырганбыз.

Мырза Эргешов аскерге чакырууда медициналык текшерүү учурунда комиссия “ката кетирген болушу ыктымал” деп эсептейт:

"Мен дарыгерлердин чечимдерине таянып толук ишендирип айта алам, биз текшерткенде бул баланын “акыл-эси аскердик кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк бербейт” деген чечим чыгарып беришти. Текшерүү учурунда аскер комиссариатынын катачылыгы болгон деп ойлойм".

"Бакыт Базарбаев мурда-кийин ооруган эмес"

Анткен менен жергиликтүү дарыгерлер Бакыт Базарбаев мурда-кийин наркологдун жана психиатрдын каттоосунда болбогонун тастыктап жатат. Аскерге чакыруу учурунда дагы онго чукул дарыгерден турган комиссия Бакыттын кызмат өтөөгө болбой турган дартын аныктаган эмес. Биз Бакыт Базарбаевди жети жыл окуткан класс жетекчиси Жаңыл Доскуловага кайрылып, анын акыл-эсине байланыштуу оорусу байкалчу беле деген суроо узаттык:

"Бакыт Базарбаев 5-11-класска чейин менин көз алдымда болду. Ал мектепте ортодон жогорураак окучу, жүрүм-туруму өтө жакшы, класстан тышкаркы иштерге активдүү катышчу. Эч кандай оорусу байкалган эмес, өзүн эң жакшы окуучу катары көрсөттү. Бирөөлөр менен урушуп, мушташкан эмес. Мүнөзү жакшы, жоош бала эле".

Бакыт Базарбаев мектепти бүтүп жаткан учуру, апасы менен.
Бакыт Базарбаев мектепти бүтүп жаткан учуру, апасы менен.

Аскерлерди армияга чакыруу ишине Коргоо министрлиги жооптуу. Аскер комиссариаттары дагы ушул министрликке карайт. Аталган мекеме дарыгерлердин корутундусуна таянып кызмат өтөө учурундагы "кырдаалдын кескин өзгөрүшү, психологиялык жана физикалык күч келтирүү стационардык байкоону талап кылган оорунун күчөшүнө алып келиши мүмкүн экендигин" белгилеген.

"Б.У. Базарбаев 2024-жылы күзүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 81497 аскер бөлүгүнө чакырылган, бирок аскердик кызмат өтөп жүргөндө кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк бербеген оорусу аскердик ант берүүгө чейин аныкталгандыктан, анын орду башка чакырылуучуга алмаштырылган. 2024-жылдагы чакыруу өнөктүгүнүн жүрүшүндө Б.У. Базарбаев Сузак райондук чакыруу комиссиясынан (жашаган жери боюнча), андан кийин Жалал-Абад шаардык топтоо пунктунан республикалык медициналык комиссиядан өтүп, аскердик кызмат өтөөгө жарактуу деп табылып, 81497 аскер бөлүгүнө жөнөтүлгөн. Райондук жана республикалык чакыруу комиссиясынан өтүп жатканда аскерге чакырылуучу Б.У. Базарбаевден арыз түшкөн эмес, медициналык кызматкерлер да, анын жүрүм-турумунан эч кандай четтөөлөрдү же туура эмес иш-аракеттерди байкаган эмес. Жыйынтыгында ал аскердик кызматка жарактуу деп табылып, аскердик бөлүккө жөнөтүлгөн.Ош облустук Психиатрия жана наркология борборунун кызматкерлери менен маектешүүдө аскерге чакырылуучу үчүн кырдаалдын кескин өзгөрүшү, психологиялык жана физикалык күч келтирүү стационардык байкоону талап кылган оорунун күчөшүнө алып келиши мүмкүн экендиги айтылган. Бирок, чакырылуучу да, анын жакындары да, стационардык дарылануудан баш тартышкан. Чакырылуучу Б.У. Базарбаев менен маектешүү учурунда ага карата уставга жатпаган көрүнүштөр жасалбагандыгы жана текшерүү учурунда денесинде көгөргөн тактар аныкталган эмес".

Коргоо министрлиги: "ооруларын жашырып келген фактылар бар"

Биздин колго тийген дарыгердин корутундусунда Базарбаев текшерүүдө жай, ойлонуп, токтоп, бир аз кекечтенип сүйлөп, бир эле суроого ар кандай жооп бергени белгиленген. Бирок Бакыттын мындай абалына эмне себеп болушу ыктымалдыгы көрсөтүлгөн эмес.

Коргоо министрлигинин жообуна караганда, армияга чакыргылган Кыргызстандын жарандарынын ден соолугу 14 жаштан баштап, аскердик комиссариаттарда аскердик каттоого турган учурдан тарта текшерилүүгө жана изилденүүгө тийиш.

"Кыргызстандын жарандары 18 жашка толгондо колуна курал алып Мекенди коргоо деген ардактуу ыйык милдетти алат. Ал эми жарандар кызмат өтөө укугун алганга чейин милдеттүү жана атайын медициналык комиссиядан өтүшү керек, ал аскерге милдеттүүнүн аскердик кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө акыркы корутунду чыгарат. Белгилей кетсек, аскердик жана альтернативдүү кызматка чакырылганда медициналык кароодон өткөнгө чейин бардык жарандар көкүрөк органдарын рентгенге (флюорография) тарттырышат, кан, заара сыяктуу анализдерди тапшырат жана башка медициналык кароодон өтүшөт. Жарандарды тереңдетилген текшерүү (ички органдарды УЗИ аркылуу текшерүү) медициналык көрсөткүчтөрү боюнча гана (эгер заара/кан анализинин жалпы нормаларында өзгөрүүлөр болсо), ошондой эле жарандар алардын ден соолугунун абалына даттануу менен кайрылганда жүргүзүлөт. Соңку мезгилде аскердик кызмат өтөөгө суроо-талаптын жогорулашын эске алсак, аскерге чакырылууну каалаган аскерге милдеттүүлөр медициналык ооруларын жашырып келген фактылар бар", - деп жооп берди Коргоо министрлиги.

Врач-психиатр Кубаныч Эрмегалиев он жылдан ашуун аскер камиссариаттарында иштеген. Адис жылдан жылга калктын психикалык саламаттыгы начарлап, жаштар арасында, стресс, депрессияга кабылгандардын саны өсүп жатканын билдирди.

Ал өзүнүн иш тажрыйбасынан улам, мындай абалда аскерге чакырылгандарды текшерүү ыкмасын дагы, мамилени да өзгөртүү зарыл экенин белгиледи.

Врач-психиатр Кубанычбек Эрмегалиев.
Врач-психиатр Кубанычбек Эрмегалиев.

"Айрым ооруларды алдын ала билүү кыйын. Мурда эле билсе болбойт беле деп айтышат. Ал үчүн аскер комиссариаттарын катуу текшерүү зарыл. Өзүм 12 жыл комиссияда иштегендиктен кандай учурда текшерүү керектигин билем. Аскерге чакырылгандар келатканда эле алыстан көрүп андайларды жакшыраак карачумун. Көпчүлүк менен өткөрүп жиберсе дагы болот. Атайын эксперименталдык-психологиялык тестирлүүдөн өткөрүп, ар бир баланы текшерип өздүк ишине тиркеп коюш керек. Ал бала депрессияга түшүп калышы мүмкүнбү же жокпу тестирлөөдөн эле билинип калат. Өздүк ишинде ата-энеси менен маектешүү деген бөлүгү бар, көп учурда ошол бош калып калат. Мен көбүнчө ошону талап кылчумун. Анткени баланын абалын энеси жакшыраак билет. Бала мурда туруп кетчү беле уктап жатканда же заара ушатып койчу беле деген белгилери болот. Ошонун баарын жазыш керек. Ошого көңүл буруп, текшергенде гана армияга андай балдар жиберилбейт".

Бул окуя териштирилип аягына чыга элек. Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу сыяктуу тескери көрүнүштөрдөн арыла элек. Бул сыяктуу окуялардын соңу адам өлүмүнө алып келген бир нече учур ачыкка чыккан. Өткөн жыл соңунда Улуттук гвардияда кызмат өтөп жаткан жоокер Эрик Шаршенбаев ур-токмокко кабылып, шишип, кан сийип оор абалда ооруканага түшкөн. Дарыгерлер бул учурда дагы алгач жоокердин өнөкөт оорусу армияда козголгон деп жооп берип, уруп-сабоонун белгилери жок деп билдиришкен. Коргоо министрлиги жоокерге карата уставга жат көрүнүш катталганын "Азаттыкка" ырастап, Шаршенабев ден соолугуна байланыштуу Куралдуу күчтөрдүн катарынан бошотулганын билдирди. Гвардиянын кенже-сержанты К.К. күнөөлүү деп табылган. Бирок кылмыш иши тараптардын жарашуусунан улам токтотулган. Министрликтин маалыматында, кенже-сержант Куралдуу күчтөрдүн катарынан бошотуу тууралуу документ тапшырган.

Акыйкатчы институтунун буга чейинки маалыматында быйыл жарым жылда Аскер госпиталында ар кандай жараат алган 600дөй учур катталган. Маалыматтарга караганда, мунун болжол менен 10% армиядагы уруп-согуу же чоңсунуунун кесепети болушу ыктымал.

Жоокерлердин армияда сабалышы көбүнчө ачыкка чыкпай, жашыруун каларын Акыйкатчы институтунун эксперти Мэлор Мойдунов билдирген.

"Чоңсунуу армияда жок деп айта албайбыз, бар. Бул маселени биз толук кыскартып же жоюп жибере элекпиз. Көп учурда жашыруун эле кала берет же жабырлануучу менен өз ара келишип алган учурлар болот. Коомчулукка жарыяланып, резонанс жараткан учурларда гана белгилүү болгону да бар. Бул көйгөйдү кыскартуу же жоюу үчүн мыйзамдар иштеп, Коргоо министрлиги, прокуратура жана биз өзүнчө комиссия түзүп, алдын алуу иштерин көбүрөөк жүргүзүшүбүз керек".

Буга чейин Акыйкатчы институтунун демилгеси менен түзүлгөн жумушчу топ соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеген. Улуттук жана эл аралык мыйзамдарды, тажрыйбаны изилдеп чыгып, укуктук-ченемдик актыларды жакшыртуу демилгесин көтөргөн.

Жакында эле президент Садыр Жапаров жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү аткарбаганы үчүн деген негизде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берди. Ага социалдык тармактарда аскердик форма кийген бир нече адамды башы менен жер сүздүрүп коюп, белгисиз бирөө оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жатканы тартылган видео себеп болду. Бул армиядагы чоңсунуу боюнча талкууну жандантып, коомчулуктун сынына кабылды.

Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бул факты боюнча министрликтин тийиштүү кызматтарынын катышуусунда ыкчам ички иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Ал эми министр уставга жат көрүнүштөргө аралашкандар жазалана турганын аскерлердин ата-энелери менен жолуккан учурда билдирген:

"Андайларды биринчи кезекте жазалайбыз. Аларды колдобош керек, түп-тамыры менен жок кылыш керек".

Аскерге чакыруу курагын жогорулатуу сунушталууда

Укук коргоочулар болсо ушундай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн армияга барчу балдардын жашын жогорулатууну сунуштап келет. Алардын бири "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова:

Гүлшайыр Абдирасулова.
Гүлшайыр Абдирасулова.

"Армияга чакыруу бир эле 18 жашында эмес, алгач 15 жашында башталат. Оорусу бары-жогу ошол жерден аныкталат. 18 жашында ошол журнал көтөрүлөт. Эң башкы элек аскер комиссариантында өтөт. Андан кийин жети адистен турган медициналык комиссиядан өтөт. Анын ичине невропотолог, психолог дагы кирет. Андан сырткары окулист, терапевт бардык керектүү адистер бар. Ошондон өткөндөн кийин республикалык комиссия карайт, рентгенден өтөт. Кан, заара тапшырат. Оорусу болсо ошондон эле билинет. Ошондуктан бала оорукчан болуп барып калды дегенге кошулбайм. Бала 16 жаштан баштап үч электен өтөт. Чакырганда эле оорукчан бала барып калса анда комиссия жооп бериш керек. 18 жыл жакшы жүрүп, армияга барганда баланын абалына таасир бере тургандай кандай жагдай болушу мүмкүн? Демек абал оор, адамгерчиликсиз, гумандуу эмес аракеттер бар деп ойлойм".

Абдирасулова армияда кызмат өтөө жеңил эместигин белгилеп, азыр балдар 18 жашында ага даяр болбой жатат деп эсептөөдө:

"Мурдагы балдар менен азыркы 18 жаштагыларды салыштырууга болбойт. Азыр көбү телефон кармап, диванда чоңойгондор. Биздин убактагыдай физикалык жактан даяр эмес. Ошол себептүү биз армияга чакыруу курагын көтөрүүнү сунуштаганбыз. Армия эмне оюнчук беле, курорт беле деп айтышат. Чындыгында армияда кызмат өтөө оор. Бир күндө жүз кадам кылбаган бала оор өтүк кийип алып плац-аянтында буттарын өйдө-ылдый кылып басат. Бул өйдө жагына тебет. Эмнеге армияда варикоцеле деген оору көп болуп жатат. Мында сандын ички жагында варикоздор чыгып баштайт. Бирок ал бала психологиялык, физикалык жактан оорукчан эмес. Булар мурунку коюлган стандарттарга убакында жетпей калып жатат".

Ал тапта Бакыттын апасы Имигүлсүн Сапарова баласы мурда-кийин оорубаганын айтып, өлкө жетекчилерине кайрылууда:

"Бакыт үйдүн эң улуусу болгондуктан баарына баш-көз болчу эле. Президентибизге, УКМК башчысына ушул ишти көзөмөлгө алып беришин өтүнүп кайрылат элем. Ошол жерде үч күн ичинде балама эмне болгон, соо баламдын ден соолугун ким кайтарып берет? Өзүм жети баланын энеси болсом, ушул убакка чейин барбаган жерибиз калган жок. Менин баламдын ден соолугун кайтарып беришсин, эгер мурда оорусу болсо башында чыкмак да. Мурда оорусу болсо анда аны текшерип, армияга жөнөткөн адамдар жооп берсин".

Бакыт Базарбаев апасы Имигүлсүн Сапарова менен.
Бакыт Базарбаев апасы Имигүлсүн Сапарова менен.

Баласынын азыркы абалына жаны ачып, армияда зомбулук көрүшү мүмкүн деген энеси Имигүлсүндүн дооматына экспертиза жана сот чечими гана чекит коет. Ушул тапта экинчи ирет экспертиза жүрүүдө.

Коргоо министрлиги акыркы жылдары жоокерлер арасында чоңсунуу, уставга ылайык келбеген көрүнүштөр дээрлик жоюлганын билдирип келет. Бирок укук коргоочулар армия мындан арыла албай жатканын, соңку мезгилдери суцидге баргандар дагы болуп жатканын белгилейт.

Башкы прокуратуранын маалыматында, 2020-2021-жылдары онго жакын жоокер суицидге барган болсо, 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. Андан тышкары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG