ТИМ АКШ консулунан миграциялык чектөө боюнча түшүндүрмө сурайт

ТИМдин имараты.

Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын кыргызстандык мигранттарга чектөө киргизиши мүмкүн деген маалыматка түшүндүрмө берүү үчүн АКШнын элчилигинин консулун чакырды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы 15-июнда билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, учурда миграциялык чектөөлөр боюнча АКШдан расмий маалымат түшө элек. Миграциялык чектөөлөр кириши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси кантип аныкталары Кыргызстан үчүн түшүнүксүз болуп жатканы жазылган.

Кыргызстан жарандары АКШга киришине чектөө коюлуучу өлкөлөрдүн тизмесине илингеннин Washington Post гезити 15-июнда Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып билдирген.

Ага 36 өлкө: анын ичинде Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген.

Ишембиде тизмеге кирген өлкөлөр менен иштеген дипломаттарга мамлекеттик катчы Марко Рубионун колу коюлган кызматтык кат тапшырылган. Анда бул өлкөлөрдө Вашингтондун жаңы талаптарын аткарууга 60 күн убакыт берилери жазылган. Мамлекеттик департамент шилтеме кылып жаткан бузуулардын ичинде мөөнөтү өтүп кеткен визалардын көптүгү, документ берүүчү органдын жоктугу жана башка маселелер көрсөтүлгөн.

АКШ буга чейин өлкөгө жарандары киришине тыюу салынган жана чектелген 12 өлкөнүн тизмесин жарыялаган. Ал тизмеге Түркмөнстан Кошмо Штаттарга кирүүгө жарым-жартылай чектөө киргизилген өлкөлөрдүн катарында кирген.

Трамп президенттик экинчи мөөнөткө киришкенде миграциялык саясатты катаалдаштырарын убада кылып, бир нече жарлыкка дароо кол койгон.

Дагы караңыз

Жер тилкелерин мыйзамдаштырууга арыздарды кабыл алуу 1-июлда токтойтОрусия Украинага 1200 аскердин сөөгүн өткөрүп бердиТрамп Путин менен Иран-Израил кризисин талкуулап, Украинадагы согушту токтотууга үндөдүКыргызстандын жарандарына АКШга киришине чектөө коюлушу мүмкүн