Дональд Трамп 14-июнда орус президенти Путин менен телефондон бир саатча сүйлөшүп, Жакынкы Чыгышта тутанган куралдуу жаңжалды талкуулаганын билдирди. "Путин мени туулган күнүм менен куттуктап чалыптыр. Ал жакшы билген Иран маселесин кенен талкуулап, Израил-Иран чатагы токтотулушу керек деген пикирге ынандык. Ошол эле учурда анын (Путиндин) согушу да аякташы керектигин түшүндүрдүм", - деп жазды Трамп социалдык тармактагы постунда.
Анын алдында Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Орусиянын президенти Израилдин Иранга чабуулун айыптап, куралдуу эрегиш андан ары кеңешип кетиши мүмкүн деп эскерткенин билдирген.
15-июнга Оманда өтөрү белгиленген Иран-АКШ сүйлөшүүлөрү куралдуу чабуулдар башталган үчүн үзгүлтүккө учураганы жарыяланган.
Ушаков Орусия-Украина сүйлөшүүлөрү эки тарап туткундарды алмашуу жараянын жыйынтыктагандан кийин, 22-июндан кийин улантылышы керектиги Путин-Трамп сүйлөшүүсүндө сөз болгонун кошумчалады.
14-июнда АКШ президенти 79 жашка толду. Ал күнү Вашингтондо АКШ армиясынын түзүлгөнүнүн 250 жылдык мааракесине арналган аскердик парад өттү. Бир катар штаттарда "Падыша болбосун" деген ураандын астында оппозициячыл демонстрациялар уюшулду.
Шерине