Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:59

Жер тилкелерин мыйзамдаштырууга арыздарды кабыл алуу 1-июлда токтойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жер мунапысына байланыштуу турак жай курууга алынган жер тилкелерин мыйзамдаштырууга арыздарды кабыл алуу 1-июлда токтойт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Жер мунапысы боюнча республикалык комиссиядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыздарды кабыл алуу токтогондон кийин жер тилкесин мыйзамдаштырууга тийиштүү документтерди чогултуу улантыла берет.

Соңку, 6-июндагы маалыматка ылайык, Жер мунапысына байланыштуу атайын комиссияга жалпысынан өлкө боюнча 170 миң 766 арыз келип түшкөн. Учурда 68 миң 433 үйгө паспорт, 64 745 жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилди. Жалпы 10 миң 338 гектар жер аянты трансформацияланган. Ошол эле учурда түрдүү себептер менен 25 миң 152 арыз артка кайтарылган.

Бишкекте аталган комиссияга 30006 арыз түшкөн, анын 12 630 коомдук талкууга коюлган. Жыйынтыгында 6466 үйгө паспорт, 3606 жер тилкесине "Кызыл китеп" берилген.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” же жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG