Президент Садыр Жапаров былтыр Чүй облусуна 140,5 миллион доллар инвестиция тартылганын 16-июнда Ысык-Ата районундагы керамика плиталарын чыгарган заводдун ачылышында билдирди. Мындай долбоорлордун ишке ашуусун эл аралык жана ички ишкерлердин мамлекетке ишениминин бекемделиши деп түшүндүрдү.
Жапаров эки жыл мурда “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамды көптөгөн ишкерлер колдонушуп, завод-фабрикалардын, IT-хабдардын курулушуна инвестиция сала баштаганын билдирди.
Жаңы ачылган “Асылташ-керамикс” заводу 40 млн долларлык инвестициянын негизинде курулган жана жылына 3 миллион чарчы метр керамика плиталарын чыгарууга ылайыкташкан. Заводдун жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 3,3 млн чарчы метрге жетип, кирешеси 1 млрд 500 млн сомду түзөт.
Ишканада орточо айлык акысы 50 миң сомду түзгөн 300дөн ашуун жаран жумуш менен камсыздалат.
Мамлекет башчы ошол эле күнү Кант цемент заводунун жаңы өндүрүш линиясынын ачылышына да катышты. Заводду модернизациялоо долбоору Кытайдын Beijing Triumph Engineering компаниясы жана Евразия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашкан. Жалпы суммасы 60 миллион доллардан ашкан инвестиция менен жылына 800 миң тонна клинкер өндүрө турган жаңы линия курулду.
Президент Жапаров соңку жылдары курулуш жанданганын, быйыл үч айда 3300 үй пайдаланууга берилгенин, мындан тышкары бул тармакка 138 миллион доллардан ашык инвестиция тартылганын маалымдады.
Шерине