Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:30

Эрдоган Ирандын президенти менен сүйлөшүп, жаңжалды токтотууга жардам берүүнү сунуштады


Түрк лидери Режеп Таип Эрдоган.
Түрк лидери Режеп Таип Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Таип Эрдоган Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Түркиянын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анда Израил менен Ирандын ортосундагы куралдуу жаңжал талкууланды.

Түрк лидери эки өлкө ортосунда тутанган жаңжалдан улам бир катар өлкө лидерлери менен байланышта болгонун белгилеп, өзөктүк сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоого көмөктөшүүгө даяр экенин айтты.

Эрдоган ушул эле күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен да телефондон сүйлөшкөн.

Маалыматка караганда, лидерлер Жакынкы Чыгыштагы абалга тынчсыздануусун билдирип, тараптарды куралдуу кагылшууларды токтотуп, өзөктүк маселени дипломатиялык жол менен чечүү керектигин белгилешти.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дай адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза тапкан.

Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дай адам набыт болгонун билдирди. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG