АКШдагы Миннесота штатынын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Мелисса Хортмэнди жана күйөөсүн атып кетишти. Ишембиде болгон кол салуудан алар каза болушту. Штаттын парламентинин дагы бир мүчөсү Жон Хоффманга да кол салуу болуп, ал жараат алганын аймактык полиция кабарлады.
Штаттын губернатору Тим Уолц кол салууларды саясий негизде деп атады. Каза болгон Мелисса Хортмэн Демократиялык партиянын штаттагы көрүнүктүү мүчөсү, белгилүү саясатчы болгон. Ал быйыл январга чейин Миннесотадагы Өкүлдөр палатасынын спикерлигин аркалаган.
Саясатчы жана күйөөсүнө ок аткан адам полиция формачан болгону, учурда кармала электиги кабарланды. Шектүүнүн тек-жайы ачык айтыла элек, бирок полиция анын унаасынан кол салуу болгон саясатчылардын аты-жөнү жана аларды опузалаган кат табылганын кабарлады.
АКШ президенти Дональд Трамп кол салууну “коркунучтуу зомбулук” деп атап, саясий негизде болушу мүмкүн деген пикирин билдирди.
Шерине