Украинанын согуш туткундарынын маселеси боюнча координациялык борбору 13-июнда Орусиядан дагы 1200 кишинин сөөгүн кабыл алганын, орус тарап алардын баары украин жараны, арасында аскер кызматкерлери да бар деп тапшырып бергенин билдирди.
Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү жана эксперттери ар бир сөөктү идентификация кылып чыгары маалымдалды.
Орусиялык Телеграм каналдар бул жолу айырбаштоо эмес, сөөктөрдү украин тарапка өткөрүп берүү гана болгонун жазышты.
2022-жылы февралда Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери алгачкы жолу эки өлкөнүн расмий делегацияларынын бетме-бет сүйлөшүүсү быйыл 16-майда Стамбулда өткөн, жыйынтыгында 1000/1000 форматында туткун айырбаштоо макулдашылган. Экинчи сүйлөшүү 2-июнда өттү, анда да айырбаштоону улантуу тууралуу сөз болгон. Эки күн мурда Орусия согушта каза тапкан украиналык 1212, ал эми Украина орусиялык 27 аскер кызматкеринин сөөгүн өткөрүп берген.
12-июнда тараптар оор жараат алган, ооруп жаткан туткундарды айырбаштоо жүргөнүн билдиришти, бирок так санын айтышкан жок.
Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан кеминде 14 жайкын тургундун өмүрү кыйылганын өлкөнүн полиция кызматы 8-июнда билдирди. Эң оор соккуга Харьков, Херсон жана Донецк облустары туш болгону, каза тапкандардан тышкары 68 киши жараат алганы кабарланды.
Ракета, башкарылуучу авиабомба, согуштук дрон менен аткыланган Харьков облусунда алты өмүр кыйылганы, жараат алгандардын экөө балдар, алардын бири 1,5 айлык ымыркай экени, Донецк облусунда төрт киши каза болгону, үйлөр, имараттар талкаланганы, Херсон облусунда да төрт өлүм катталганы маалымдалды.
Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушу 2022-жылы февралда башталган. Бул өлкөнүн жетекчилиги Украинанын шаар-кыштактары, жарандык инфраструктурасы атайылап талкаланып, жайкын тургундар өлтүрүрүп жатканын тууралуу айыптоолорду четке кагууда.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын чабуулдарын аскердик кылмыш деп кароо керек деп эсептешет.
8-июнга караган түнү Орусиянын Тула облусундагы Новомосковск шаарында жайгашкан "Азот" химиялык заводу учкучсуз учактардын чабуулуна кабылды. Бул тууралуу орусиялык Телеграм каналдар кабарлашты, маалыматты облус губернатору Дмитрий Миляев да тастыктады.
Миляевдин айтымында, соккудан улам заводдун аймагында өрт тутанды, кеминде эки киши жараат алды.
"Азот" заводунда башка продукция менен катар аммиак селитрасы өндүрүлөт, бул затты жардыргыч жасоо үчүн колдонсо болот. Ал эми ушул эле ишканадан чыккан метанол ракетанын күйүүчү отунун даярдоодо, аргон темир жол өнөр жайында колдонулат.
Ушуну менен бул ишкана соңку эки апта ичинде экинчи жолу соккуга кабылды. 24-майда да аны согуштук дрондор бутага алган.
Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиге караган түнү абадан коргонуу системалары Украина тараптан учурулган 61 дронду атып түшүрүштү. Учкучсуз учактар Брянск, Белгород, Калуга, Тула, Орел, Курск жана Москва облустарынын жана аннексияланган Крым жарым аралынын аймагын бутага алганы маалымдалды.
Оккупацияда турган Мелитополь шаарында "Гидромаш" заводу өрттөнүп жатканы да кабарланууда. Бул ишкана учактын бардык түрлөрүнө зарыл тетиктерди жасайт.
Москванын мэри Сергей Собянин өткөн түнү борбор калааны көздөй учуп бараткан кеминде 10 дрон атып түшүрүлгөнүн Телеграм каналына жазды.
Эртең менен Москванын "Внуково" жана "Домодедово" аэропортторунда учактардын учуп-конуусуна кайрадан убактылуу чектөө киргизилди.
7-июнга караган түнү Украинанын чыгышындагы Харьков шаары Орусиянын согуш башталгандан берки эң катуу соккусуна кабылганын өлкө бийлиги кабарлоодо.
Эртең мененки расмий маалыматка караганда, шаар 50 чакты согуштук "Шахед" дрону, эки ракета жана башкарылуучу төрт авиабомба менен аткыланды. Көп жерде кыйроо болуп, өрт тутанды.
Каза болгондор кеминде үч адам экени, дагы 21 адам жараат алганы, жабыркагандардын саны улам көбөйүп жатканы маалымдалууда.
Облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов жараат алгандар арасында балдар да бар экенин, алардын бири 1,5 айлык ымыркай деп аныкталганын айтты.
Ишембиге караган түнү Орусиянын жапырт чабуулуна өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон шаары да кабылды. Соккулардын кесепетинен кеминде эки өмүр (56 жаштагы эркек жана 54 жаштагы аял) кыйылганын, дагы бир нече жайкын тургун жараат алганын жергиликтүү бийлик кабарлоодо.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн соңку маалыматына караганда, өткөн түнү Орусия бул өлкөнүн аймагына согуштук дрондордон 206ны, "Искандер-М/KN-23" баллистикалык ракеталарынан экини, башкарылуучу Х-59/69 авиациялык ракеталарынан алтыны жана "Искандер-К" канаттуу ракетасынан бирди учурду. Дрондордун 87си, ракеталардан жетөө атып түшүрүлгөнү маалымдалды.